Урматтуу жарандар (Айылдын тургандары)!

Коронавирустун жайылуу коркунучу күчөгөндүгүнө байланыштуу сиздерден сураныч: — Өзгөчө муктаждык болбосо үйүңүздөрдөн чыкпаңыздар; — Коомдук жайларга барбаңыздар; — Эл жыш жайгашкан жерлерден алыс болуңуздар; — Балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар, алардын балдар аянтчасына, компьютердик оюндар клубдарына барууга тыюу салып, бетти жана колду жуунун гигиеналык эрежесин так сактоону түшүндүрүп бериңиздер; — Дарыгерлердин жана башка адистердин сунуштарын так (кыйшаюсуз) аткарыңыздар; — Өздүк гигиена каражаттарын колдонуңуздар; — Үй шартында карантин эрежелерин сактаңыздар; — Өзүңүздөрдү элдерден оолак кармаңыздар; — Жугуштуу оору күмөнү пайда болгон шартта *112, *118, (0312) 332853 телефондоруна кайрылыңыздар. Маалымат катары, жарандардын ары бери жүрүүсүнө чек коюу максатында карантин посттору коюлду. Чектөө коюу боюнча көрүлгөн чараларга түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранам. Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын ден-соолугуна кам көрүүгө, коронавирустун жайылуусуна бөгөт коюуга, биз биргеликте гана жетише алабыз. (Жеке автоунаалардын көрүнүктүү жерлерине *112, *118, (0312) 332853 телефондорун жабыштырып алуу зарыл )

Добавить комментарий