Аймакта коронавирус илдетин жайылуу коркунучун алдын алуу иштери

Суусамыр айыл аймагындагы Суусамыр ЖДБ, саламаттыкты сактоо мекемесинде санитардык-гигиеналык иштер күчөтүлүп, коронавирус эпидемиясына каршы алдын алуу иштери жүрүп жатат. Суусамыр FM радиосу аркылуу “Коронавирус” оорусун алдын алуу боюнча калкка маалымат берилди жана “Коронавирус” оорусун алдын алуу боюнча жогорку режимдеги даярдыктар көрүлүп, кошумча койкалар уюштурулган. Дары-дармектер, медициналык буюмдар жана дезинфикциялоочу каражаттарынын резервдери менен камсыздалган.

Аймакта коронавирус илдетинин жайылып кетпешинин алдын алуу максатында  Суусамыр айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан  калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Добавить комментарий